28-июлда Биринчи май райондук сотунда мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев, социал демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун соттук иши каралды. Жараян жабык өтүп жатат. Адвокаттардын айтымында, айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алган жок. Алар бийликти күч менен басып алууга айыпталышууда.