Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюитимен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө министр элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтүү кызматташууга үмүт артарын билдирди. Токтобаев Япониянын Кыргызстан үчүн экологияны коргоо жана туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана кен казуу тармагында негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар экологиялык тармакта эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, табигый ресурстарды сактоого жана экологиялык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен инициативаларды ишке ашырууну талкуулашты. Пикир алмашуу кен казуу тармагындагы кызматташтык маселелерин да камтыды, бул эки өлкө үчүн актуалдуу тема.