Кыргызстандын борбору Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүп жатат, ага эки өлкөнүн мамлекеттик структураларынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын катышуучулары соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, инвестициялар жана биргелешкен долбоорлорду талкуулашууда. Форумга экономикасынын ар кандай негизги секторлорунан, анын ичинде кен казуу жана курулуш тармактары, айыл чарба, тамак-аш жана фармацевтика өнөр жайы, текстиль жана гидроэнергетика боюнча адистер катышууда.
Форумдун алкагында B2B жолугушуулар пландалган, анда Кыргызстандын жана Өзбекстандын ишкерлери товарларды түз жеткирүү жана биргелешкен компанияларды түзүү маселелерин тереңирээк талкуулашат. Иш-чаранын жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимдерди түзүү жана эки мамлекеттин ортосунда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган жаңы макулдашууларга жетишүү пландалууда.