Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен дары-дармек өндүрүшүн түзүп, анын продукциясын Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.