Нарындын борбордук көчөсүн реконструкциялоо 25-августка чейин аякталууга тийиш

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев борбордук Ленин көчөсүн реконструкциялоонун алкагында иштерди тездетүү жана кемчиликтерди жоюу боюнча ачык жыйын өткөрдү. Иш-чарага «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Замир Искаков, Нарын облусунун автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги Асылбек Чойбеков, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана башка жооптуу адистер катышты.

Жыйында мэр шаардагы кемчиликтерге көңүл буруп, аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берди. Ал объектте бардык талаптарды сактоонун жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Подряддык уюмдарга тротуарларды кум-таш аралашмасынан бошотуу, ошондой эле 25-августка чейин жол белгилерин жана аялдама павильондорун орнотуу тапшырылды.