```html
28-июлда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Король Абдалла атындагы Гуманитардык фонддун башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетектеди. Жолугушууда Король Абдалла атындагы жардам программасынын алкагында өлкөдө ишке ашырылып жаткан мобилдик көп диагноздуу клиниканын долбоорун ишке ашыруу боюнча деталдар талкууланды. Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен Normeca AS компаниясы менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.
Талкуунун жүрүшүндө министр Ислам өнүктүрүү банкы жана Normeca AS компаниясына 2021-жылдын ноябрь айынан бери алыскы аймактардын тургундарына адистештирилген медициналык жардамды жеткирүүдө чоң жардам берген долбоорду ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул убакыт ичинде мобилдик клиника 171 миңден ашык бейтапка кызмат көрсөтүп, 587 миңден ашык консультация жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүздү.