Кыргызстанда абанын сапатын мониторингдөө үчүн жалгыз автоматтык станция иштеп жатат, ал Кыргызгидрометтин базасында жайгашкан. Бул тууралуу «Аба сапатын жакшыртуу» долбоорунун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Гульнара Абдылдаева «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Ал учурдагы жабдуулар өлкөдөгү атмосферанын булганышы боюнча толук жана так сүрөттү түзүүгө жетишсиз экенин белгиледи.
Учурда датчиктер ар кандай уюмдар тарабынан орнотулууда, бирок жаңы долбоордун алкагында бийлик абанын абалын мониторингдөө, талдоо жана болжолдоо үчүн бирдиктүү мамлекеттик системаны түзүүнү пландаштырууда.