
Кыргызстандыктар үчүн визасыз режим сакталууда
2026-жылдын 25-августунан баштап Казакстанда чет өлкөлүк жарандар үчүн QazETA электрондук кирүү уруксаты системасы иштей баштайт. Бул санариптик платформа миграциялык эсепке алууну жана кирүүчү агымды пландаштырууну жеңилдетүүгө багытталган. Учурда система тесттик режимде иштеп жатат жана электрондук уруксат алуу жөн гана сунуш катары каралууда.
Кыргызстандыктар визасыз режимди пайдаланууну улантууда, анткени Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн QazETA формалдуу түрдө киргизилгендиги тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн расмий чечими жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандан ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн жарандарын жаңы система камтыйбы деген боюнча түшүндүрмөлөрдү күтүп жатат.
Сүрөт www