Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жалпы аянты 12 миң квадрат метрден ашык соода-логистика комплекси куруу аяктады. Келечекте бул объектти көп функциялуу соода-экономикалык зонага айландыруу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргыз эко экспорт» компаниясынын генеральдык директору Улан Максымбеков Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.

Максымбековдун айтымында, долбоор Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жана Наманган облусунун Касансай районунун чегинде ишке ашырылган. Ал комплекстин бардык негизги объектилери, анын ичинде көпүрөлөр, жолдор жана электр камсыздоо системалары эксплуатацияга киргизилгенин белгилеп, бул кийинки өнүктүрүү этаптарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.