Ош шаарында уруксат берүү документтери алынбаган объекттин курулушу токтотулду. Кыргызстандын курулуш, архитектура жана ЖКК министрлиги бул мыйзам бузууну билдирди. Бул Кыргыз Республикасынын «Курулуш жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын нормаларын сактабагандыктан болуп жатат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн жаран К.А.М.га чаралар көрүлдү. Ага аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук берилди. Объекттин курулушу мыйзам талаптары аткарылганга чейин убактылуу токтотулат.