Кыргызстанда абанын сапатын мониторингдөө системасын модернизациялоо пландалууда. Бул тууралуу "Биринчи радио" эфиринде Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Гульнара Абдылдаева билдирди.

2024-жылдан тартып Табигый ресурстар министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууга киришет. Кыргызстан бул максаттар үчүн $50 миллион өлчөмүндө пайызсыз кредит алды.