Кыргызстанда ата-энелер үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу ого бетер жеңилдеди. Эми жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна баруунун кажети жок — арызды үйдөн чыкпай эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берүүгө болот. Бул тууралуу "Түндүк" ААКсы маалымдады.