
Тамчы — Чолпон-Ата трассасында коопсуздук чаралары күчөтүлөт
30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдун айрым бөлүктөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.
Бул чаралар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий визиттери, ошондой эле мамлекет башчыларынын катышуусундагы «Ортолук Азия — Азербайжан» саммити өткөрүлүшү менен байланыштуу.
ИИМ убактылуу жабылуулар коомдук коопсуздукту камсыздоо жана расмий кортеждердин тоскоолдуксуз өтүшү үчүн зарыл экенин белгиледи. Жүргүнчүлөрдү Ысык-Көлдүн жээги боюнча маршруттарын алдын ала пландаштырууга чакырышат.
Сүрөт www