Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму башталды
Бишкекте бүгүн "Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода" аттуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бизнес-форуму башталды. Иш-чара мамлекеттик структуралардын, ири компаниялардын, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн жана эки өлкөнүн инвесторлорунун өкүлдөрүн чогултту. Форумдун негизги максаты соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү.

Ачылыш аземине өкмөт башчысынын орун басары - КРнын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков, КРнын инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров, КРнын экономика министри Бакыт Сыдыков жана Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов сыяктуу жогорку кызматтагы чиновниктер катышты.