
Шаарда «Кылыч-Буркан» эски көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды
Ош шаарында, Шамшат көчөсүндө, 1992-жылы акыркы жерге берүү болгон «Кылыч-Буркан» эски көрүстөнүнүн аймагынын рекультивациясы башталды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аймакты тазалоо чоң инфраструктуралык долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө, ал 3,2 чакырым узундуктагы эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана жолдун кеңейтилүүсүн камтыйт.
Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБР) тарабынан каржыланууда жана түштүк борборунда транспорттук абалды жакшыртууга, ошондой эле шаардык жол тармагын жаңылоого багытталган.
Сүрөт www