Шопоковдо, Ленин көчөсүндө жаңы парк түзүү пландалууда. Эскиздик долбоор Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, бул долбоор шаардыктардын эс алуу жана сейилдөө үчүн заманбап коомдук мейкиндикти түзүүгө багытталган. Парк ичинде жашылдандыруу, жөө адамдар үчүн аллеялар, отургучтарды орнотуу, сырткы жарыктандыруу системасы жана кичи архитектуралык формалар каралган, бул эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.