Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калкка жана бизнеске ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясын камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда. Бул демилгени ишке ашыруу алкагында электр тармактарынын атайын техникалар паркы заманбап машиналар менен толукталууда.
Торжестволук иш-чарада Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» акционердик коомунун филиалдары үчүн сатып алынган сегиз кран-манипулятордун жана төрт ЖАК Т-8 маркасындагы бригадалык унаанын ачкычтарын тапшырды. Техниканын жалпы баасы 50,8 миллион сомду түздү.