Башкы прокуратура Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызмат адамдары системалуу түрдө пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн документтерди кароодо ишти оң жагына чечип, тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө каражат талап кылып, алып жүргөнүн аныктаган.Тергөөдө шектүүлөр 8 000 сомдон 50 000 сомго чейин алып...