Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Жусуп Абдрахмановго арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасманы тартып бүткөнүн билдирди.Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодо ошол доордун тарыхый атмосферасы көрсөтүлүп, тартуу иштери Кыргызстанда,...