Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга 10 жылга мораторий киргизүү сунушун берди.Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда мындай жайларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, аларды бузууга жана жаңы курулуштарды жүргүзүүгө тыюу салуу демилгеси жазылган.Министрлик акыркы жылдары тарыхый-маданий мурас объекттери тарыхый баалуулугун жоготту же авариялык...