Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары 28-июлда быйыл январда болгон нааразылык акциясына катышкан дагы эки киши өлүм жазага тартылганын кабарлашты.Маалыматтарда Аболфазл Сепахи Бажани менен Амирхоссейн Сафари Хоссейнабади Исфахан шаарында дарга асылганы айтылат.Алар 8-январдагы акцияда төрт полиция кызматкеринин өлүмүнө катышы бар деп табылган. Сот жараяны кандай жүргөнү белгисиз.Өлүм жазасы аткарылганы тууралуу маалыматтардан кийин социалдык тармактарда адамдар тобу ага нааразы болуп...