


Кыргызстандын Мамлекеттик китеп палатасында Кытайдын «Синьхуа» жана «Феникс-Чуиши» басмаканаларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында китеп басып чыгарууну, китеп маданиятын өнүктүрүү жана эки өлкө ортосунда гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды, деп билдирет КРдин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.
Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова мекеменин ишинин жыйынтыктарын, Кыргызстандын басма тармагынын учурдагы абалын, ошондой эле милдеттүү экземпляр системасын жана эл аралык басылмалардын номерлөө стандарттарын (ISBN, ISSN, ISMN) сунуштады. Мындан тышкары, улуттук документтик мурастарды санариптештирүү боюнча иштер талкууланды.