
Милиция ири алдамчылыкка шектүү адамды кармады
Бишкекте аялдын мүлкүнөн ажырап калуусуна алып келген алдамчылыкка шектүү эркек кармалды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Укук коргоо органдарынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жабырлануучу К.Д. кайрылып, ал күч структураларынын кызматкерлеримин деп өзүн тааныштырган алдамчылардын курмандыгы болгонун айтты. Натыйжада анын «Восток-5» микрорайонундагы мүлкү боюнча укуктары жоголгон.
Анын арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ири көлөмдөгү алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин УГРО кызматкерлери 2006-жылы туулган шектүү М.А.ны кармашты. Азыр ал убактылуу кармоо жайында, тергөө иштери уланууда.
Сүрөт www