
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду британ футболуна арналган жаңы сериалдын продюсери жана бир ролду аткаруучу болот. Тартуу иштери башталды, деп билдирет The Sun. Башкы каарман - британ актеру Дэмиэн Льюис ойногон чыгармачыл футбол агенти болот. Проектте Лондон «Арсенал» жана Франциянын улуттук командасынын белгилүү мурдагы оюнчусу Тьерри Анри да катышат.
Сериал спорттук драма жана комедия элементтерин бириктирет. Анын өндүрүшүнө Роналду Мэттью Вон менен биргеликте жетекчилик кылган UR•Marv Studios студиясы жооп берет.