Борбор Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында Бишкекте жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн AI (жасалма интеллект) жардамчысы бар EyeSens “акылдуу” көз айнегин иштеп чыгышты.EyeSens командасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы көрүүсү начар адамдардын 94,4% тротуарлардагы машине токтотуучу жайларга, ал эми 83,3% бети бактын бутактарына урунуп, жаракат алышат.Ал эми көзү азиздер колдонгон таяк (белая трость) белден жогору турган...