29-июлда Орусиянын Рязань облусунда Wildberries компаниясынын кампасында Украинанын дрон чабуулунан кийин өрт тутанганын Astra жана Exilenova+ Telegram каналдары кабарлап, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жеринен тарткан сүрөт жана видеолорду жарыялап жатышат.Компаниянын басма сөз кызматы Рязандагы логистикалык объекти "коопсуздук талаптарына ылайык эвакуацияланганын" жазды.Облус губернатору Павел Малкин "дрон сыныгы түшкөн өнөр жай аймагында өрт чыкканын" билдирди,...