




Кыргызстандын делегациясы Түркияда окуу визити менен жүрүп, «жашыл» экономика, климаттык финансылык жана көмүртек чыгарын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеди. 21-июлдан 23-июлга чейин катышуучулар Түркиянын «жашыл» таксономиясын иштеп чыгуу, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарынын чыгарын мониторингдөө (MRV) жана чыгарын соода системасын (ETS) киргизүү боюнча практикалары менен таанышышты.
Визит учурунда туруктуу финансылоо, климаттык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.