



Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз тоосунун түндүк капталындагы бийик тоолуу көлдөрдү аэровизуалдык текшерүүдөн өткөрдү. Бул иш-чара селдик кырдаалды баалоо жана потенциалдуу коркунучтарды аныктоо үчүн уюштурулду, деп маалымдады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Текшерүүгө министрликтин табигый коркунучтарды мониторингдеген профилдик бөлүмдөрүнүн адистери, ошондой эле Борбордук Азия Университетинин илимпоздору катышты.