

28-июлда өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков картошка кластеринин төрайымы Кайыркуль Казылаева менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары картошка тармагын өнүктүрүүнүн келечегин, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, сактоо, кайра иштетүү жана продукцияны сатуу маселелерин талкуулашты.