Кыргызстанда UIM F1H2O дүйнө чемпиондугуна катышуучулар «Кыргыз Республикасынын Гран-при – Ысык-Көл 2026» үчүн келе башташты. Спортчулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк коноктор өлкөгө активдүү келип жатышат. 25-июлдан баштап Кыргызстанга H2Oнун президенти жана негиздөөчүсү Николо ди Сан Жермано менен UIMдин президенти Раффаэле Кьюлли баштаган делегациялар келишти. Ошондой эле, иш-чарага Stromoy, Abu Dhabi, Sharjah, Atlantic, Maverick, Victory, CTIC жана башка командалардын өкүлдөрү да келишти.
Мындан тышкары, өлкөгө эл аралык медиа өкүлдөрү, тартуу топтору, куткаруу командалары жана мелдештин расмий өкүлдөрү келишти. «Манас» эл аралык аэропортунда чемпионаттын биринчи катышуучуларын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тосуп алышты.