Бишкекте улуттук кедейчиликти азайтуу жана жумушсуздукту жоюу боюнча 2030-жылга чейин иштей турган пландын талкууланган межведомстволук жумушчу топтун жыйыны өттү. Иш-чарага тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, эл аралык донорлор жана эксперттер катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков иштелип чыккан план мамлекеттик саясаттын социалдык коргоо жаатындагы негизги куралы болоорун белгиледи. Ал кедейчилик менен күрөшүү жөн гана социалдык колдоо чаралары менен чектелбеши керектигин кошумчалады.