Россиялык жаран 13 кыргызстандыкты каттоодон өткөргөнү үчүн 2,5 жыл мажбурлап иштөө жазасына тартылды
Иваново шаарындагы Ленин райондук соту Кыргызстандын 63 жаштагы жаранын фальшиви каттоого алуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, эркек Ивановодогу батиринин ээси болуп, 13 кыргызстандыкты өз дарегине каттоо үчүн көп функциялуу борборго кайрылган.
Сүрөт news1ivanovo. Ивановодо пенсионер 2,5 жыл мажбурлап иштөө жазасына тартылды
Тергөөнүн жүрүшүндө ал катталган адамдарга жашоого турак жай берүүнү пландаштырбаганын жана алар көрсөтүлгөн даректе болууну каалабаганын билгендиги аныкталды. Бул аракеттер Орус Федерациясынын миграция мыйзамдарын бузуу катары квалификацияланды.