```html
Нарын шаарында УТРК Нарындын жаңы имаратынын курулушу башталды

















Нарын шаарында «УТРК Нарын» облустук телерадиокомпаниясынын жаңы имаратынын капсуласы салынды. Иш-чара мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, УТРКнын жетекчилиги, компаниянын кызматкерлери жана тармактын ардагерлери катышуусунда өттү, деп маалымдады Нарын шаардык мэриясы. Иш-чаранын катышуучуларынын арасында КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси жана Нарын шаарынын мэри сыяктуу бийик кызматтагы адамдар, ошондой эле телерадиокомпаниянын жамааты жана коомдук активисттер болду.

Жаңы имараттын курулушу Президенттин Стабилизациялык фондунан толугу менен каржыланат, бул үчүн 93 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.