```html
III Жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумуна Кыргыз Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан келген делегаттар катышты. Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары Улан Маматканов салтанаттуу сөз сүйлөдү. Иш-чара билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн илимий жана академиялык коомчулугунун катышуусунда өттү.
Улан Маматканов өз сөзүндө билим берүү жана илим тармагында кызматташуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал билим, инновациялар жана адам капиталы мамлекеттердин өнүгүүсүнүн негизги ресурстары экенин, университеттер илимий изилдөөлөрдүн, квалификациялуу адистерди даярдоонун жана заманбап технологияларды киргизүүнүн борборлору болушу керектигин айтты.