Кытайдын "Этностук биримдик" мыйзамы 1-июлда күчүнө кирди. Документ 56 этностук топтун жалпы мамлекеттик биримдигин бекемдөөгө, маданий жана тилдик интеграцияны күчөтүүгө багытталганы расмий белгиленген. Шинжаңдан оогон кайрылмандар мыйзам Кытайдын кысымына ого бетер жол ачат деп кооптонушууда.