Кыргызстандын аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик гидрометеорология кызматында аныкталган коррупция схемасы боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 16 миллион сомду түзөт.
Тергөө маалыматтарына ылайык, Кыргызгидрометтин кызмат адамдары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды жумуштан бошотулган жана иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзамсыз түрдө бөлүп беришкен. Бул учурда төлөмдөрдүн суммалары белгиленген нормаларды кыйла ашып кеткен.