“Аэро Номад Эйрлайнс” Бишкек менен Ташкенттин ортосунда рейстерди баштайт

Самарканд жана Ургенчке учууларды карап чыгуу пландаштырылууда



2026-жылдын 23-августунан баштап “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Ташкент – Бишкек жаңы регулярдуу эл аралык рейсин аткарууга киришет. Учуулар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын борборлору ортосундагы авиабайланыштын ыңгайлуулугун камсыздайт.


Эки өлкө ортосундагы авиабайланыштын өнүгүшү Бишкек – Ташкент маршруту менен чектелбейт. “Аэро Номад Эйрлайнс” жетекчилигинин Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен өткөргөн жумушчу жыйынында маршруттук тармакты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Перспективдүү багыттардын арасында төмөнкү маршруттар белгиленди:



  • Бишкек – Самарканд – Бишкек;

  • Бишкек – Ургенч – Бишкек.


Бул маршруттарды ишке ашыруу туристтик алмашууну көбөйтүүгө, эки өлкөнүн региондору ортосундагы бизнес байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле авиациялык кызматташтыкты жана туристтик потенциалды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.


Сүрөт www