Орусиянын Wildberries маркетплейси өзүнүн логистикалык борборлоруна Украинанын дрон соккуларынан кийин Казакстандан кампага ылайыктуу жайларды издей баштады. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы кыймылсыз мүлк базарындагы төрт булакка таянып жазды. Алардын бири компания 100 миң чарчы метрге жакын аянттагы кампаларды ижарага алууну караштырып жатканын билдирди. Экинчиси Wildberries Казакстанда жеткиликтүү болгон кампалардын баарын алууга даяр экенин айтты. Компаниянын өкүлдөрү болсо...