Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдерге өзгөртүү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Тиешелүү буйруктарга ал 27-июлда кол койду.Документтерде келишимдердин кайсы бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилери так көрсөтүлгөн эмес.Орусия Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташуу жөнүндөгү келишимге 2013-жылдын 24-декабрында кол коюп, ал 2015-жылы ратификацияланган.Өзбекстан менен ушундай эле келишим...