В Новопокровка айылында милиция кызматкерлери Балыкчыдан Бишкекке бараткан жүргүнчү поездиндин терезелерин бузууга шектелген үч жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу маалымат Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан алынды.

Окуя 27-июлда болуп, белгисиз адамдар Новопокровка айылында поездге таш ыргытышкан. Чабуулдун натыйжасында бир нече вагондордун терезелери жабыркаган.