Акын Алтынай Темирова «Улуу Жибек жолу» фестивалынын лауреаты болду
Алматыда VI Эл аралык «Улуу Жибек жолу» фестивалы өтүп, кыргыз акындары бир нече престиждүү сыйлыктарды жеңип алышты. Кыргызстандык делегация өз жетишкендиктери үчүн белгиленди, деп билдирди Маданият министрлиги.

Кыргызстандын эл акыны жана Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов, эмгек сиңирген акын Доктурбек Юсупов жана эл акыны Кыялбек Урманбетов фестивалдагы мыкты жетишкендиктери үчүн «Алтын түйүлдүк» медалын алышты.