Баткендеги борбордук стадион 10 миң орунга ээ, ноябрда пайдаланууга берилет
Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФСтин президентинин кеңешчиси Тимур Курманов Кадамжай, Кызыл-Кия жана Баткен шаарларында, ошондой эле Уч-Коргон айылында курулуп жаткан стадиондорду көрүштү. Сапардын негизги максаты курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу жана жергиликтүү бийлик менен келечектеги кадамдарды талкуулоо болду.

Жолугушуунун алкагында КФСтин өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, подрядчиктер жана долбоорлоо боюнча адистер менен спорттук объектилерди куруу боюнча деталдарды талкуулашты.