Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.Шаар башчысы мындан тышкары жаңы базардын ээлерине биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү тапшырмасын берди. Ал “Мадина” да, ишкерлер көчүрүлө турган “Ала Тоо” базары да жеке менчик экенин, буга байланыштуу мэрия...