Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездин таш менен чапкан өспүрүмдөр (К.А. 2007-жылы туулган, Ж.А. 2011-жылы туулган, С.Б. 2009-жылы туулган) аныкталганын билдирди.Облустук милициянын маалыматында алар поезди таш менен урганын моюндарына алган жана ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 27-июлдун кечинде Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезд Новопокровка...