29-июлда Билим берүү министрлигинде өткөн онлайн жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Иш-чарага билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Европа Биримдигинин DARYA долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучулары кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларга көңүл бурушту. Практикалык билим берүүнүн көлөмүн көбөйтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуу материалдарын жаңылоо жана адистерди даярдоонун заманбап ыкмаларын киргизүү сыяктуу приоритеттер талкууланды.