"Мадина" базарын жабуу маселеси убактылуу токтоду. Ал жакта соода кылган сатуучуларга жаңы базарга жайгашып алуу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдик берилди. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев 29-июнда ишкерлердин жаңы соода базарына көчүүсү тууралуу суроолорго жооп берип жатып билдирди. Жунушалиев ишкерлер көчүшү керек болгон "Ата-Тоо" жаңы базарында жоюлушу керек болгон бир катар кемчиликтер бар экенин моюндады.