
Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу казакстандык тышкы саясат ведомствосунун маалымат кызматы билдирген.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Каспий трубопроводдук консорциуму (КТК) боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк алкагында эки тараптуу мамилелерди жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин G20 саммитине катышуу үчүн АКШга боло турган сапарына даярдыкты карашты.