Ысык-Көлдө «Чыгыштын күн нуру» аттуу эл аралык пленэр өттү





Ысык-Көл облусунда 17-июлдан 24-июлга чейин «Чыгыштын күн нуру» аттуу эл аралык пленэр өттү. Иш-чара Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү ар түрдүү искусство окуу жайларынын сүрөтчүлөрүн, окутуучуларын жана студенттерин чогултту. Пленэрдин негизги максаты — маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, чыгармачылык байланыштарды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле Кыргызстандын бай табигый жана маданий мурасын көркөм искусство аркылуу жайылтуу.