Токтогул районунда укук коргоо органдары алкогольдук мас абалда болгон айдоочуну кармашты. Эркек инспекторлордун талаптарын эске албай, унаасы менен качууга аракет кылган.





Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, айдоочуга 100 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле ал транспорт каражаттарын башкаруу укугун эки жылга жоготту.