Кыргызстанда Бишкек – Ташкент авиакаттамы ишке кирет
2026-жылдын 23-августунан баштап "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек – Ташкент – Бишкек багыты боюнча туруктуу эл аралык каттамдарды ишке аша баштайт. Жаңы каттамдар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын борборлорунун ортосунда ыңгайлуу авиакаттамды түзөт.

Бишкек – Ташкент каттамын ишке киргизүү эки өлкө ортосундагы авиакаттамдын өнүгүүсүндөгү биринчи кадам гана. "Аэро Номад Эйрлайнс" жетекчилигинин Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин делегациясы менен өткөн жакындагы жолугушуусунда маршруттук тармакты кеңейтүү пландары талкууланды.